Бүгүн, 27 – декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун катышуусунда драматургдар арасында жарыяланган республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Анда КММИУнун Театр таануу бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Кундуз Маматова «Сырдуу талаа», Мыскал Дыныстанова»Атанын балдары» аттуу чыгармалары менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.