КММИУда “Оркестр дирижёрлугу” кафедрасынын студенттери чакан концерттик кече уюштурушту

      КММИУнун “Оркестр дирижёрлугу” кафедрасынын сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган концерттик кечеси болуп өттү.
Иш чараны аталган кафедранын 2-курсунан 6-курсуна чейинки студенттери уюштурушту. Анда студенттер бир канча музыкалык аспаптарда аткарышты.
Концерттик кечени “Оркестр дирижёрлугу” кафедрасынын окутуучусу Нурпейил Самарбекова жетектеди.